Бул тууралуу экспедициянын жетекчиси Илим Карыпбеков социалдык тармактар аркылуу билдирди.

«Бүгүн Кыргызстандын желеги Африка континентинин эң бийик чокусу болгон Килиманджародо кайрадан желбиреп турат. Экспедициянын алты мүчөсү тең чокуга аман-эсен жетип, учурда ийгиликтүү түшүп жатышат. Жакындарыңыз үчүн кабатыр болбоңуз жана куттуктап кетсеңиз болот», — деп жазган ал.

Экспедицияга ар кайсы курактагы мырзалар катышып, эң улуусу 70 жаштан ашкан. Алардын көбү тоо чокусуна алгачкы ирет чыгууда.

  

Булак: 7 канал