Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматы боюнча, жер титирөө Ноокат районунун Чапаев айылынан батышка карай 3 чакырым, Фрунзе айылынан чыгышка карай 3 чакырым, Ноокат айылынан түндүк-чыгышка карай 5 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышка карай 32 чакырым аралыкта жайгашып, Ноокат, Чапаев айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.