Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, майрам күндөрү массалык иш-чаралар, туристтердин агымы көбөйөт. Ошондой эле тоо-лыжа базаларында, сейил бактарда жана башка коомдук жайларда эс алуучулардын саны жогорулайт.

Мындан улам министрлик жарандарды мыйзамды сактоого жана шектүү жагдайлар жаралса, 102 кыска номерине дароо билдирүүгө чакырат.

Милиция күнү-түнү кызматта болуп, ар бир жарандын жана коноктордун кышкы эс алууларын коопсуз жана тынч шартта өткөрүүсү үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.