Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Кыргызстан эл аралык университетинин чатырынан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм жана штаб тартылды.

Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.