Урматтуу окурман!
Көз ачып-жумганча дагы бир жыл өтүп кетти. Жыл тогошоор убакта ар бирибиз жылдын жыйынтыктарын чыгарып, артка саресеп салмай адатыбыз бар эмеспи… Бул жагынан алганда, 2024-жыл Кыргызстаныбыз үчүн ишенимдүү өнүгүүнүн жылы болгондугун эч ким танбаса керек. Аз күн мурда тарыхый мегадолбоор - Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушуна старт берилди. Отуз жылдан бери чечилбей келе жаткан кыргыз-тажик чек ара маселесиге чекит коюлду. Коррупция жана кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөш туруктуу нукта уланып жатат. Айтор, адам кубантаарлык жаңылыктар арбын. Андыктан, биз да, салтка айлангандай, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жакындан салым кошкон инсандарды тизмеге алдык.
2025-жылда да Кыргызстанда көз сүйүнткөн жаңылыктар көп болсун! Жаңы жылыңыздар менен!
Жылдын адамы - Садыр Жапаров
Жылдын мыкты мамлекеттик ишмери - Камчыбек Ташиев
Жылдын мыкты саясатчысы - Нурланбек Шакиев (КР Жогорку Кеңешинин төрагасы)
Жылдын мыкты жетекчиси - Медер Машиев
(КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри)
Жылдын мыкты министри - Бообек Ажикеев (КР Өзгөчө кырдаалдар министри)
Жылдын мыкты министри - Улан Ниязбеков (КР Ички иштер министри)
Жылдын мыкты жетекчиси - Нургазы Нишанов
("Кыргызнефтегаз" ААКнун башкармалыгынын төрагасы)
Жылдын мыкты жетекчиси - Ильяс Тулекеев
Жылдын мыкты ректору - Абдылда Мусаев (Бишкек гуманитардык университетинин ректору)
“Улут сыймыгы” наамы - Алмамбет Шыкмаматов
Жылдын мыкты жетекчиси - Бактияр Алиев
(КР Социалдык фондунун төрагасы)
(УЛАНДЫСЫ БАР)