"Ар бир жаран өлкөдө болуп жаткан окуя, көйгөйлөр боюнча эркин ойлоно алышат, ошол эле учурда оюн эркин айта алышат. Бийлик бутактарын, жогорку бийликтеги кызмат адамдарын сындай алышат.
Ар бир журналист же болбосо жөнөкөй адам оозеки түрүндө дагы, жазуу түрүндө дагы оюн эркин билдире алат. Мындан улам бизде сөз эркиндиги жок дегендерге кээде түшүнбөй кетем. Бизде Кудайга шүгүр башка өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндиги бар. Дүйнөдө сөз эркиндиги эле эмес, ойлонуу эркиндигинен ажыраган өлкөлөр дагы бар. Болгону биз мыйзам чегинде иш алып барганды, жоопкерчилигибизди билишибиз керек. Ар бирибиз айтканда, жазганда ошонун аркасындагы жоопкерчиликти билишибиз керек. Сөз эркиндиги бар деп эле каалаган нерсени сүйлөп, жаза берсек, каалагандай сындай берсек анда бул сөз эркиндиги эмес эле башаламандык өкүм сүргөн өлкөгө айланат.
Дагы бир жолу айтып кетейин бизде сөз эркиндиги бар, болгону аны айрымдар сөз эркиндиги бар демек мен эмнени айтсам жазсам боло берет, акты кара деп жалганды чын кылып жаза берсем болот, ал үчүн мени эчким эчнерсе кыла албайт жана укуктарыма шек келтирилбеш керек деп түшүнүшөт экен. Бул эми ар бир адамдын жеке түшүнүгүнө жараша болот экен”,-деди.