Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева кабарлады.

Анын айтымында, 17-декабрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айылынын 1997-жылы туулган Нодирабегим Сабирджанова аттуу тургуну операция жолу менен үч эмди жарыкка алып келген.

Ымыркайлар 2 кг 400 гр (кыз), 2 кг 400 гр(эркек), 2 кг 300 гр (эркек) салмакта төрөлгөн.

“Учурда ымыркайлардын абалы жакшы. Убактысына жетпей, ара төрөлгөндүктөн дарыгерлердин көзөмөлүндө”, — дейт Асылбашева.