Уюштуруу комитетинин маалыматына караганда, Умбеталы Кыдыралиев УОКтун президенттигине жалгыз талапкер болгон. Ал буга чейин бокс федерациясынын президенти болгон.
Өлкөнүн Олимпиада комитетин жетектеген Садыр Мамытов биринчи вице-президенттикке келди.
Эске сала кетсек, Умбеталы Кыдыралиев Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты, «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.