Бишкектеги "Асанбай" паркынын аймагында убактылуу бажы зонасын уюштуруу аттракциондорду бажылык тазалоо процессин тездетүү үчүн каралган чара. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мунициаплитеттен белгилешкендей, сейил бактын аймагында орнотуу пландалып жаткан "Колесо обозрения" аттракциону оор болгондуктан, аны стандарттуу түрдө бажыдан өткөрүү көп убакытты талап кылышы мүмкүн. Убактылуу бажы зонасын уюштуруу кеңири таралган практика болуп саналат жана мыйзам чегинде бардык бажы жол-жоболорун сактоону камсыз кылат.

"Асанбай" паркын реконструкциялоо долбооруна ылайык, парктын аймагынын 15 пайыздан ашпаган аянтында гана атайын жабдуулар менен жабдылган стационардык коомдук тамактануу пункттарын орнотуу шарт.

"Асанбай" паркынын башкы планы бул чектөөлөрдү эске алуу менен иштелип чыккан, бул долбоорду нормаларга жана стандарттарга ылайык ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Муниципалитет коомчулукту адаштырбоого жана маалыматты тастыктоо үчүн мэриянын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.