Бүгүн, 23-декабрда Ош облусунун Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:05те Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 08:12де Өзгөн райондук №53 ӨКБдан дагы 1 бөлүм тартылган.

Кошумча саат 08:30да Өзгөн райондук №103 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт 09:03тө чектөөгө алынды.

Өрттүн кесепетинен жалпы 4 жаран ооруканага түшүп, анын ичинен 3 жашар бала каза болду.