Курултайдын жүрүшүндө делегат Гүлайым Сейитказиеванын сөзү өзгөчө кызыгуу жаратты. Анын пикиринде, эки күндөн бери делегеттар майда барат маселелер менен алектенип жатат.

“Кыргыз — бул бүркүт. Асманга бийик, эркин учушу керек. А биз болсо бүркүттөй болгон балдарды тоокканага камап жатабыз. Мындан ары Курултайдын делегаттары өз вазыйпасын аткара албаса же Курултай тарасын, же мобундай майда-барат маселени чече албаган Жогорку Кеңешти таркаталык”,- деди Сейитказиева.