Ал иш боюнча териштирүүнүн жыйынтыгы чыга электигин, кырсыктан улам баспай калганын жана ипотекага алынган үйдө жашап жатканын белгилеген.

“Келинчегим Коргоо министрлигине барып, ипотекага болгон карызыбызды жаап бербейсиздерби десе, макул болушкан. Кийин телефон чалып, "күйөөңүз 20 жыл кызмат кылганда жаап бермекпиз" деп коюшту. Менин 13 жылдык тажрыйбам бар. Мен шалаакылыктын айынан ушундай болуп калдым. Негизи учкучтар 65 жашка чейин иштесе болот, менин карьерам да уланбай калды”.

Бактыбеков президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ишти аягына чыгарып берүүнү өтүнгөн.

Анын кайрылуусуна Коргоо министрлиги комментарий берип, ага каржылык жана медициналык колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Булак: Аzattyk_radiosu