►Адам мансап-акчанын таасиринде калганда, көзүнө достору душман, душмандары дос көрүнүп баштайт. Анткени, "дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат".

►Көңүл калуу - жек көрүү эмес. Жек көрүү да - сезим. Көңүл катуу калганда жүрөктөн бардык сезим чыга качат. 

►Көңүл аз-аздан кертилип отуруп, көп убакытта калат.

►"Пайдаңды тийгизе албасаң да, зыяныңды тийгизбе". Аны тескери иштеткендер бар: жөн отургуча жок дегенде зыянымды тийгизейин... 

►Аялды душман, атаандаш көргөн эркектин чоң комплекси бар: же эркек катары толук жетилбей калган же эркектер менен атаандашууга дарамети жетпешин билет. 

►Сүйүүнү оозеки сөзгө айлантып алган адамдан кач. Сүйөм деген сөздү көп колдонгон адам сүйүү эмне экенин билбейт. Сүйүү эмне экенин билбеген адам эч убакта сүйүлгөн эмес. 

►Убадасын аткарбаган адам башканы эмес, биринчи өзүн сыйлабайт, анткени ал өзүнүн сөзүн жерге таштады. Өзүн сыйлабаган адамдын кадыр-баркы башка адамдардын көзүнө ар бир жолу убадасын берип, аткарбаган сайын үбөлөнүп жүрүп отурат. 

►Таң калыштуусу, ким бирөөгө көп убакыт ичи тардыгын көрсөтүп келген адам ошол адамдан бир жолу так өзүнүкүндөй мамиле көрсө, ошол мүнөттө караят. "Бычакты биринчи өзүңө ур, оорубаса башкага ур" деп ошон үчүн айтылат. 

►Эч убакта эч кимге узак мөөнөттүү убада бербегиле! Эртең эмне болуп кетээрин эч кимиңер билбейсиңер. Жалган үмүт тартуулоо - Күндүн көзүн жаап салуу менен барабар. 

►Досуң кандайдыр бир деңгээлде мансапка жеткенде сенден кол үзсө, таарынба. Жөн гана күтүп тур. Артка кайткан жолунда сага кез келет. 

►Акыркысы - бүт нерсе убактылуу экенин унутпа: жашоо, байлык, бийлик, кызмат, акча, таасир. Ал турмак сүйүү да, жек көрүү да убактылуу. Бир гана түбөлүк - көңүл калуу... 

Жаныбек Бактыбеков