Президенттик Администрация Акылбек Жапаровдун Министрлер Кабинетинин төрагалыгынан кеткенин тастыктады. Андагы маалыматка таянсак, мурдагы МинКаб башчысы башка ишке которулат. 

Президент Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү боюнча Жарлыкка кол койду. 

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов: "Акылбек Жапаров алыска кеткен жок. Ал президенттин жакын пикирлеши катары анын жанында калат жана эл үчүн кызмат кылуусун улантат", - деди.