1 гектар жерге тигилген чычырканактан 4 миллион сом табууга болот. Ооба, каңырыш укпадыңыз, 4 миллион сом. Айыл чарба министрлиги ишкерчиликке кызыккан жарандарга кызыктуу бизнес-идеяны сунуштады.

Аталган министрлик маалымдагандай, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан «Узак-Групп» мөмө-жемиш питомнигинде карагаттын жана чычырканактын экспортко багытталган жаңы сортторун көрсөтүүчү участоктор уюштурулду.

Алардан алынган түшүмдөр боюнча көрсөткүч төмөнкүдөй:

Биринчи жылы отургузулган карагаттын бир түп көчөтү орточо 0,5-1 кг түшүм берген. 1 гектар жерге 4 миң түп даана карагат отургузулган. Ага кеткен чыгым 1 гектар  аянтка 945 миң сом болгон. Ал эми баага келсек, бир килограмм карагаттын орточо эсеп менен алгандагы баасы 200 сом. 

1 гектар жерден биринчи жылы 2 тонна түшүм жыйналган, ошондо  3 жылдык көчөттөрдү отургузуунун кирешеси 400 миң сомду түздү.

Ошол эле учурда карагат 4-10 жылда толук мөмө берүү фазасына кирет дагы, бир түптүн түшүмдүүлүгү 4-5 килограммга чейин жетет. Ошентип, 2 жылдык мөөнөттө карагат өстүрүү иши өзүн-өзү толук актап берет. Бардык агротехникалык талаптарды сакталып, өсүмдүк толук түшүм берүү фазасына киргенден кийин бир сезондо 1 гектардан 3,2 миллион сомго жакын киреше түшөт.

Андан тышкары  1 гектар аянтка 2300 түп чычырканактын көчөтү отургузулган. Андан кийин үчүнчү жылы чычырканактын бир түбү 0,5-1 килограмм түшүм бере баштаган. Бешинчи жылы түшүмдүүлүк 2,5-3 килограммга жетет. Алтынчы жыл дегенде чычырканак толук мөмө фазасына өтөт. Ал маалда бир түптүн түшүмдүүлүгү 10-12 килограммды камсыз кылат. 1 килограмм чычырканактын орточо баасы 200 сом болот. Ал эми 1 гектар аянтка чычырканак отургузууга кеткен чыгым 1,0 миллион сомду түзөт. Бул жааттагы дыйканчылыктын өзүн-өзү толук актоо мөөнөтү 5-6 жыл болуп саналат. Бардык агротехникалык талаптар сакталса, ал толук мөмө берүү фазасына кирет. Андан соң 1 гектар аянттан алынган түшүм  20 тоннага жете баштайт дагы, мында киреше 4 миллион сомго жакындайт.   

Кызыккан жарандар өзүнүн дараметин бизнестин ушул тармагынан да сынап көрсө болот.