Бишкекте 14-15-декабрда  футбол боюнча "Мурас" салттуу достук турнири болуп өттү. Турнирге президент Садыр Жапаров дагы “Президенттин командасы” аттуу команда менен катышты. 

"Биринчи турнир башталганда менин командам биринчи болгон. Андан кийин эле экинчи, үчүнчү, төртүнчү орунга түшүп калдык. Бүгүн мына кайра биринчи орунду алып олтурабыз. Оюн деген ушундай. Спортто күчтүүлөр жеңет. Демек, биздин команда күчтүү даярданыптыр”, - деген Садыр Жапаров команда үч жолу утуп алса, Кубок ошолордо калып, 1 миллион сом байгенин үстүнө дагы 1 миллион сыйлык бериле турганын эске салды.

Президент “Мурас” турнири келечекте да өткөрүлөрүн баса белгилеп, командаларды байгелүү орундар үчүн күрөшүүгө чакырды.

Мелдешке ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн чогулган 16 команда катышты. Байге фонду 1 миллион сомду түздү.

Турнирдин жеңүүчүсү “Президенттин командасы” болду, ал 400 миң сом менен сыйланды. Экинчи орунду 300 миң сом утуш менен “Достук” командасы ээлеп, үчүнчү орунду алган “Ыйман” командасына 200 миң сом берилди.