Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду.  

Төмөндөгү тизмеде кол коюлган документтер: 

- Жарандык кеме курууну өнүктүрүүдө жана кемелердин тетиктерин чыгарууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндөгү макулдашуу; 

 - Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин пенитенциардык кызматтары үчүн кадрларды даярдоо жөнүндөгү макулдашуу;  

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо жаатында кызматташуу жөнүндөгү меморандум; 

 - Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин 2025–2026-жылдарга гуманитардык кызматташуу жаатындагы артыкчылыктуу иш-чаралардын планы;  

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар жөнүндө; 

 - Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу КМШ органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин жөнгө салуучу КМШнын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуу жөнүндө.