16-декабрда ипотекалык үйлөрдүн ачкычы тапшырылаарын Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

"Мамлекеттик ипотекалык компания куруп баштаган көп кабаттуу үйлөр биринин артынан экинчисинин курулушу аяктап, колдонууга берилет. Учурда өлкө боюнча 40 миңден ашык батирлүү үйлөр курулуп жатат", - деген Туманбаев мамлекет курган үйлөрдүн баасы жеке курулуш компаниялардыкына салыштырмалуу эки эсеге арзан экенин белгиледи. 

Айтымында, мамлекет үйгө муктаждарды турак жай менен камсыз кылуу программасын ийгиликтүү ишке ашырууда. Алдыда ипотекалык компаниянын мүмкүнчүлүгү кеңейейт жана курулуштун саны көбөйөт.

"Мурда ипотекалык компания банктардан пайызы жогору кредит аркылуу сатып алган үйлөрдү каржылап берчү. Анда сатып алган үйдүн наркы менен насыянын пайызы кошулуп баасы эки эсе кымбатка түшчү. Президент Садыр Жапаров ипотекалык компаниянын саясатын толугу менен өзгөрттү", - деди ал.

Ошондой эле келечекте жарандардын турак жайга болгон муктаждык чечилилээрин белгиледи.