"2024-жылдын 11-декабрь күнү саат 16:50 убакытта Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган беткапчан белгисиз төрт адам банктан 31 264 000 рубль акча каражатын алып жумушка бара жаткан 2004-жылы туулган А.М. жана 1996-жылы туулган Б.Н. аттуу жарандарга каракчылык кылып кол салган", - деп билдирди КР ИИМ. 

Кол салгандар жабырлануучуларга карата күч колдонуп, денесине залал келтирип, акча каражаттары салынган рюкзакты тартып алышып, кылмыш болгон жерден башка номер коюлган "Форд Фокус" үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кетишкен. 

Жабырлануучулардын колдору жана бетинен кесилген жаракаттары болуп, ооруканага жеткирилип, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. 

Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголду. 

Тергөө учурунда каракчылык кылган 4 жаран, окуя болгон жерден качып кетишкен Форд Фокус автоунаасын Чуйков көчөсүндө тыштап, чет элдик номер тагылган автоунаага түшүп кеткени такталды. 

Бул окуя ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, кылмыш жасаган адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган бардык тергөө аракеттери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.