11-декабрда Цюрих шаарында орун алган Эл аралык футбол федерациясынынын Конгресси алкагында ФИФА президенти Джанни Инфантино 2034-жылкы Дүйнө чемпионатын кабыл ала турган өлкөнү жарыялады. Ал - Сауд Арабия.

Ал эми, буга чейин белгилүү болуп келген 2030-Дүйнө чемпионатынын кожоюндары дагы расмий жарыяланды. Аны Марокко, Португалии, Испания, Уругвай, Парагвай жана Аргентина кабыл алат.

Алдыдагы, 2026-жылкы Дүйнө биринчилиги Канада, Мексика жана АКШда өтөт.