Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин Чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана чет өлкөлөргө инвестицияларды камсыздоо департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа баштаган кытай делегациясы менен жолукту.   

Жолугушуунун жүрүшүндө “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун актуалдуу маселелери кенен талкууланды.   

Анда тараптар бул долбоордун ишке ашырылышы стратегиялык мааниге ээ экендигин, өлкөлөрдүн экономикалык жана социалдык тармактарын өнүктүрүүдө негизги жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан эң маанилүү инфраструктуралык звено болоорун белгилешти.   

Белгилей кетсек, акыркы этаптарга ылайык 2024-жылдын 6-июнундагы өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жол компаниясы” ЖЧКсынын ортосундагы Инвестициялык макулдашуунун долбоору каралууда.