Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Исхак Масалиевге "сынчынын сыңар өтүгү майрык" болоорун эскертти.
Ал Салык кызматын текшерүүдө Исхак Масалиев аталган кызматты жетектеп турган 14 айдын ичинде планды аткарбаганын белгиледи.
Ташиевдин айтымында, бул боюнча статистика алган жана анда Исхак Масалиев аталган тармакты жетектеген маалда 5,6 миллиард сом план аткарылбай калганы көрсөтүлгөн.
Мындан улам Камчыбек Ташиев сын айткандарды биринчи өздөрүнүн жасаган иштерин жакшылап таразалап алууга чакырды.