УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы такталып бүткөнүн тастыктады. 

"Кудай буйруса, чек араны толук такташып, макулдашууну бүтүрдүк. Сүрөттөөнү (описание) кечээ бүткөрүп келишти. Азыр ошол сүрөттөө менен картографияны сызып даярдап жатабыз. Ар бир аймак, айыл боюнча ачык болуп жатат, отчет бергенге даярмын", - деген Ташиев макулдашуу Жогорку Кеңештин кароосуна январь айынын аягына чейин коюуларын белгиледи.