36 жыл Кыргыз Республикасынын аскердик түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн, КР ӨКМнин Мамлекеттик өрт өчүрүү кызматынын мурдагы директору, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин коомдук фонду «Ардагерлер Союзу – Офицердик абийир» фондунун төрагасы, Республикалык өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтарынын профсоюзунун төрагасы, полковник Иманов Жаныбек Алымович күч түзүмдөрүндө, анын ичинде ӨКМде болуп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

- Саламатсызбы Жаныбек Алымович! Сиз көп жылдар бою күч түзүмдөрүндө иштеп, бардык түйшүктөрүн башыңыздан өткөрдүңүз. Учурдагы болуп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу сиздин пикириңиз кандай?

- Саламатчылык! Мен өмүрүмдүн көбүн аскердик түзүмдөрүндө, өрт өчүрүү кызматында өтөдүм. Ошондуктан бул мекеменин дагы ийгиликтери менен көйгөйлөрү мага жат эмес. Бообек Ажикеевдин ӨКМге министр болуп дайындалышы чыныгы бурулуш учур болду деп айта алам. Чындыгында бул түзүмдү ким келсе да алып кете аларына ишенбегендер көп эле болду. Миллиондогон карыздары менен белчесинен баткан, абалы өтө начар министрлик болчу.  Эми бул киши кызматка келгенден бери министрлик жаңы деңгээлге чыгып, жанданып жатат.

Министр болуп дайындалгандан көп өтпөй, кооптуу аймактардагы гуманитардык жардамды өзү баш-көз болуп, ок атышууларга, артынан болгон куугундарга карабай жүктү жетектеп чек арадагы жабыркаган айылдарга жеткиргенине күбө болдум. Айрыкча Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасындагы куралдуу кагылышуулар маалында ал өзүнүн чыныгы лидерлик сапатын көрсөттү. Бул анын ишке болгон жоопкерчилигин жана мекенге берилгендигин далилдеди. 

Бүгүнкү күндө мына Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичдин жетекчилигинде көп жылдык чек ара чыры тынчтык жолу менен чечилип, ал жактагы элдин коопсуз жашоосу камсыз болгону бүтүндөй кыргызстандыктарды кубантып жатат. Садыр Жапаров бул маселеге жүрөгүн салып берди, Камчыбек Ташиев убадасын аткарды! Жылдар бою чечилбей келген көйгөй тынчтык жолу менен аяктап, чек аралар такталып, тынчтык орноду.

- Мурунку абал менен азыркы учурду салыштырсаңыз, кандай айырмачылыктарды байкайсыз?

- Айырмачылык өтө чоң. Мен иштеп жүргөндө куткаруучулар эски форма, жыртык өтүк, бир күрөк менен иштөөгө аргасыз болчу. Аның кесепетинен көбүнүн ден соолугу жабыркап отурушат эми пенсияда.  Техниканын жетишсиздиги өтө чоң көйгөй эле – кээде өрт өчүрүүчү унаалар жолдо бузулуп, кырсыкка жардам көрсөтүү мүмкүн болбой калчу.

Азыр абал түп-тамырынан бери өзгөрдү. Министрликтин техникалык базасы жаңыртылып, куткаруучулар жаңы форма жана заманбап жабдуулар менен камсыз болду. Физикалык жактан да даяр, билимдүү, эл аралык деңгээлдеги тажрыйбага ээ болуп, чет өлкөлөрдө да Кыргызстандын атын чыгарып жатышат.

- ӨКМге, негизи эле жалпы күч түзүмдөрүнө карата элдин мамилеси кандай өзгөрдү деп ойлойсуз?

- ӨКМ  азыр мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ мекемеге айланды. Күч түзүмдөрүнүн дагы шарттары мыкты деңгээлге чыкканына баарыбыз күбө болуп отурабыз. Мурун биз карызга батып, жылдап төлөнбөй калган жөлөкпулдар менен компенсацияларыбызды ала албай жүрсөк, бүгүнкү күндө бул көйгөйлөр чечилип, жашоо шарттарынан бери көңүл бурулууда. Финансылык жактан туруктуу болдук.

- Бүгүнкү жетишкендиктерин кандай мүнөздөйсүз? 

- Абдан сыймыктанам. Мурда ӨКМди  “үчүнчү пландагы мекеме” катары карашчу. Азыр болсо бул мекеме элдин ишенимине ээ болуп, куткаруучулар сыймыктануу менен өз ишин аткарып жатышат. Биздин мезгилде мындай шарттар болгон эмес. Ачыгын айтайын, Бообек Эргешевич кыска убакыт ичинде мекеменин аброюн көтөрдү, жаңы бийиктикке чыгарып, эл аралык деңгээлге жеткирди. 

- Жыйынтыктап айтсаңыз?

- Эми сөздүн туурасы ушундай, Бообек Ажикеевдин  жетекчилиги астында министрлик өркүндөп, өлкө ичинде да, сыртында да аброю артты. Президентибиз Садыр Жапаровдун аркасында Кыргызстандын келечеги жарык болот деп ишенчү элем эми толук ынандым. Ал эми биз, пенсионерлер, ар дайым колдоп, Кыргызстаныбыздын жетишкендиктерине күбө болуп кубанычтабыз. Кудайым элибизди, жерибизди бөөдө кырсыктардан алыс кылсын.