22-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы № 4 "Сокулук Алтын Балалык" бала бакчасында 5 жаштагы кыз чарчап калды. 

Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги окуя тууралуу кабар жетер замат комиссия түзгөнүн кабарлады.

"Комиссия аталган бала бакчага барып, тиешелүү маалыматтарды алган жана райондогу бала бакчаларда балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган. Бул окуя министрликтин көзөмөлүндө турат жана тергөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет”, - деп билдирди. 

Кыздын ата-энесинин айтымында, соттук-медициналык экспертизада "кыз кусундусуна какап калган" деген жыйынтык чыккан. Ошондой эле кыздын кара куш мээсинде уюган кан бар экени, ал наристе тирүү кезинде аз убакыт мурда пайда болушу мүмкүн экени да белгиленген.