Кечээ, 9-декабрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Монголиядагы элчилигинин 2023-жылдагы жана 2024-жылдын январь-ноябрь айларындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматы угулду.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Айбек Артыкбаев эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги багыттарына токтолду.
Элчинин маалыматын алып, комитет мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын алдыга илгерилетүү, Монголиядагы биздин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди күчөтүү, ошондой эле Монголия менен саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык билим берүү жана башка байланыштарды чыңдоого жана кеңейтүүгө активдүү көмөк көрсөтүү керектигин белгилешти. Муну менен катар эл өкүлдөрү Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты арттыруу боюнча мындан аркы аракеттерди жана ишке ашыруу боюнча чараларды улантууну табышташты.
Депутат Чингиз Айдарбеков Кытай, Монголия жана Россиянын өкмөттөрү ортосунда түзүлгөн Азия автомобиль жолдору тармагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулар тууралуу өкмөттөр аралык келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуу жол-жоболорунун аякташына көңүл буруп, ошону менен бирге Бишкек менен Улан-Батордун ортосунда түз аба каттамын ачуу керектигин белгиледи. Депутат Кубанычбек Самаков Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан Монголияда археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү маселесин көтөрсө, эл өкүлү Эрнис Айдаралиев малдын жүнүн органикалык жер семирткичке кайра иштетүү боюнча Монголиянын тажрыйбасын колдонууну сунуштады.
Андан тышкары, жыйында «2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.