Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тармагындагы алдыңкы эксперттер Сот адилеттиги боюнча улуттук конференцияга чогулуп, актуалдуу маселелерди, анын ичинде гендердик зомбулукту, юридикалык жардамдын кемчиликтерин жана институционалдык реформаларды талкуулашты. USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун колдоосу менен Кыргызстандагы айым-судьялардын ассоциациясы (KАСА) тарабынан уюштурулган бул конференция, адамга багытталган, инклюзивдүү, жеткиликтүү жана натыйжалуу адилеттик жана укуктук системасын илгерилетүүгө жана түзүүгө багытталды.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директорунун орун басары Кристиан Барратт, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жана юстиция министри Аяз Баетов өз сөздөрүндө адилеттик институттардын бардык жарандар үчүн натыйжалуу иштеп, гендердик зомбулукка каршы күрөшүүсү үчүн реформалардын зарылдыгын баса белгилешти.

"Гендердик зомбулук маселеси ар бир адам үчүн коопсуздукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн өкмөттүн, жарандык коомдун, эл аралык өнөктөштөрдүн жана сот системасынын биргелешкен аракеттерин талап кылат" – деп Кристиан Барратт мырза өз сөзүндө белгиледи.

Иш-чарада ошондой эле аймактарда акысыз юридикалык жардамды кеңейтүү максатында санариптик инструменттерди колдонуу, аялдардын, анын ичинде майыптыгы бар аялдар менен кыздардын сот адилеттигине жетүүсүн жакшыртуу жана аял-судьялардын лидерлигин күчөтүү маселелери талкууланды. Катышуучулар гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча стратегияларды иштеп чыгып, сот тутумундагы гендердик теңчиликке көмөктөшүүчү эл аралык практикаларды изилдешти.

Конференциянын жыйынтыгында юридикалык жардам көрсөтүү системаларын модернизациялоонун негизги багыттарын жана инклюзивдүү сот адилеттигин илгерилетүү боюнча милдеттенмелерди чагылдырган резолюция кабыл алынды. Ошондой эле прокурор аялдардын жана аял милиция кызматкерлеринин ассоциациясын түзүү, 2030-жылга чейин Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке киргизүү сыяктуу демилгелер айтылды.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы программалары тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн расмий веб-сайтка баш багып, Instagram, Facebook жана Twitter баракчаларындагы жаңылыктарга көз салыңыздар.