Кыргызстандын бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 13 медаль алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш Казакстандын Актау шаарында 5-8-декабрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиядан келген 250 дөн ашык спортчу катышты.
Алтын медаль алгандар:
57 кг Байыш Абакулов;
90 кг Байыш Тажигул уулу;
76 кг Адинай Алмазбекова.
Күмүш медаль алгандар:
62 кг Жантөрө Калмырзаев;
75 кг Ислам Мелисбек уулу;
82 кг Бекназар Нуралы уулу;
100 кг Темирлан Арстанбай уулу;
76 кг Уулайым Ооганова;
+76 кг Айжан Анарбекова.
Коло медаль алгандар:
68 кг Молдобек Муратбек уулу;
82 кг Дөөлөтбек Абдыкапар уулу;
58 кг Аяна Рыскулбекова;
66 кг Аяна Ишенова.