6-декабрда Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын лидери Динара Ашимова Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулган “Пост КС-29 РКИК жана КС-16 КБР: Кыргызстан жана дүйнө. Алга жол” аталышындагы конференцияга катышты.
Жыйында экология маселесине байланышкан маалыматтар берилип, баяндамалар жасалды.
Ал эми фракция лидери Динара Ашимова Азербайжан өлкөсүнүн борбор калаасы Баку шаарында өткөн “СОР29” конференциясы тууралуу сөз кылып, андагы талкууланган маселелер тууралуу кеңири кеп кылды.
Муну менен катар тажрыйбалары менен бөлүшүп, тиешелүү сунуштарын берди.