2024-жыл Кыргызстандын белгилүү спортчуларынын жеке турмушун түптөгөн жылга айланды.
Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын үч жолку чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов бактысын тапты.
Соцтармактагы Азамат Кыргызстан аттуу колдонуучу бөлүшкөн видеолорго караганда, той бүгүн болгон.
Комментарийлерге караганда, спортчу Кара-Кулжа районунун күйөө баласы болду.
Буга чейин 23-сентябрда Жоламан Шаршенбеков теңин тапкан. Ал эми бүгүн Айсулуу Тыныбекованын турмуш жолуна аттанганы айтылды.