Спортчу Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Өз адамыңа жолукканда сөз дагы ашыкча болот экен.

Мен бакытты, жан дүйнө тынчтыгын жооп күтпөстөн жөн гана алып, аракет кылган адамымды таптым", - деп жазган спортчу. 

Андан ары "Бул жыл мага дагы бир жеңиш алып келди. Бул сүйүү, жаңы жашоо жана үй-бүлө", - деп улаган. 

Комментарийлерде Айсулуу Тыныбекованын өмүрлүк жолдошунун аты Бауржан экени айтылган. Бирок аны спортчу өзү тастыктаган жок. 

Соцтармактардын колдонуучулары Олимпиада оюндарынын эки жолку жеңүүчүсүнө каалоо-тилектерин айтып, бакыт каалашууда.