Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун баш коргоо чарасы каралганын Биринчи май райондук соту билдирди.

Сот А.Абдувапов жана И.Кыдыргычовго карата 2025-жылдын 20-январына чейин камакка алуу чечимин кабыл алды.

УКМК тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кечээ, 6-декабрда кармалган. Ага чейин анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалган болчу.

УКМК тергөө иштеринин алкагында алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталганын билдирген.