Имамидин Ташовдун абалы канааттандырарлык экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 6-декабрда И.Т. аттуу соттолуучу кесилген жарааты менен Биринчи май райондук сотунан Тез жардам клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Медициналык кароодон кийин дарыгерлер жараатта тамырлар жабыркабагандыгын жана олуттуу кан жоготуусуз болгондугун аныкташкан.
Бейтапка тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Абалы канааттандырарлык, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү, деп билдирет аталган министрлик
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Имамидин Ташовдун бөгөт чарасы бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Сот учурунда ал өз өмүрүнө кол салганын айтылган.
Ал буга чейин УКМК тарабынан 22-апрелде “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген берене боюнча айыпталып кармалган.