Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Равшанбек Сабировду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкер тууралуу маалымат берип, КР Президентинин сунуштамасы менен тааныштырды.  

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировду Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.