Өлкө аймагында бир суткада 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктардын:
- Бишкек шаарында – 5;
- Ош облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Нарын облусунда – 1;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1 көрүнүшү катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.