Ноокен районунда кичинекей кызын таяк менен сабап, анысын видеого тарткан киши кармалды. Бул тууралуу аталган райондун милициясы билдирди. 

Маалыматка караганда, Майлуу-Суу шаардык ИИБине 36 жаштагы О.К. кайрылып, 41 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, 14-ноябрда күйөөсү аны себепсиз эле сабап, андан соң үйдөн кууп чыккан. Аял улуу кызын өзү менен ала кеткен. А үйдө уулу менен 5 жаштагы кызы калган. 

Кийинчерээк киши кызды сабап, анысын видеого тарткан дагы аялына жөнөтүп, эгерде үйгө кайтып келбесе мындан да жаман болоорун айткан. 

27-ноябрда факт Майлуу-Суу шаарында катталып, кийин ишти Ноокен ИИБине өткөрүп беришкен. Иликтөө иштеринин алкагында, үй-бүлө мүчөлөрүнө - аялга жана анын үч баласына зарыл экспертиза дайындалган. 41 жаштагы К.Т. кармалып, камакка алынган.