2-декабрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Эрулан Кокулов, Медербек Алиев, Нурбек Сыдыгалиев, Винера Раимбачаева, Айсаракан Абдибаева,
Айбек Маткеримов, Бакыт Тентишев, Балбак Түлөбаев, Аида Исатбек кызы, Лейла Лурова, Шарапаткан Мажитова, Талант Мамытов, Мурадил Сыдыков, Эмиль Токтошев, Алишер Козуев.
Мыйзам долбоорун демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын калкынын арасында топтук жугуштуу ооруларды, тамак-аштан массалык түрдө ууланууларды же саламаттыкка башка олуттуу зыян келтирүүнү болтурбоо максатында аталган тамак-аш азыктарын же чийки аш затын өндүрүү, жүгүртүү жана сатууда соода-сатык жана коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен техникалык регламенттердин эрежелеринин талаптарын бузгандарга карата мыйзамдуу чараларды күчөтүүгө багытталган.
«Укук бузуулар жөнүндө кодексинин колдонуудагы ченемдерине ылайык, санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сомго чейин айып пул салуу жаза чараларын көрүү каралган. Бирок, практика жүзүндө салынган айып пулдардын суммасы ишкерлер жана майрамдык иш-чараларды уюштургандар үчүн таасир этүүчү чара болуп саналбайт», - деген Марлен Маматалиев мыйзам долбоорлору менен жеке жактарга 50 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу сунушталып жатканын кошумчалады.
Муну менен катар баяндамачы тамак-аштан массалык уулануу боюнча эпидемиологиялык абал жыл сайын курчуп бара жатканын айтып, 2023-жыл ичинде 212 бактериялуу тамак-аштан уулануу катталып, 590 кишинин жабыркоосу жана 5 өлүмгө алып келгенин белгиледи.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору биринчи окууда колдоо тапты.
Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө», «КРнын айрым мыйзам актыларына (КРнын Граждандык кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КРнын кодексине, «КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» КРнын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «КРнын айрым мыйзам актыларына(«КРнын сотторундагы сот арачылары жөнүндө», «КРнын Кылмыш-жаза кодексин, КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды.