Бүгүн, 3-декабрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Аталган мыйзам долбоору тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков маалымат берди.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда: жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган, же болбосо ага (талапкерге) карата кылмыш-жаза иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартуу; коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу; коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып пулдарды жокко чыгаруу; коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга, күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо.
Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин долбоорун, «Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорлору боюнча санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетова маалымат берди.
Санарип Кодексинин долбоору санариптик мейкиндикте адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жана ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүүгө, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык шартын жогорулатууга багытталган.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова Санарип Кодексинин долбоорун кабыл алуу менен беш мыйзам өз күчүн жоготорун эске алып, Кыргызстан жарандарынын жеке маалыматтарынын коопсуздугу тууралуу маселелерди көтөрдү.