Билим берүү жана илим министрли Сузак районундагы бала бакчада болгон окуя териштирилип, тиешелүү кызматкерлерге катуу чаралар көрүлөрүн билдирди. 

"Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт жана катуу тыюу салынат. Ар бир баланын коопсуздугун камсыздоо, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте видео көзөмөл уюштуруу колго алынат. Ошондой эле кызматкерлер арасында балдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо боюнча комплекстүү окутуулар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт", - деп билдирет аталган министрлик.

Эске салсак, кечээ, 2-декабрда соцтармактарга Сузак районунун Октябрь айылындагы бала бакчадагы көрүнүш тартылган видео тараган. Анда тарбиячы кичинекей балдарды урушуп, сабаганы, бурчка тургузуп жазалаганы чагылдырылган. 

Жалал-Абад облустук прокуратурасы бул окуяны текшерүүгө алды.