Кыргыз деген сөздүн мааниси кандай? Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасында мындайча чечмеледи:

"Урматтуу мекендештер!

Менин сиздерге кайрылуума бир олуттуу маселе себеп болуп жатат. Кечээ алыскы бир мамлекетте жумуш менен журсом,ал жакта менден сурап калышты «Кыргыз деген кайдан келип чыккан, биздин билишибизче, кыргыздар айтат: бул кырк кыз деген сөздөн чыккан деп, ушул чынбы?» деп. Мен айттым: «Кыргыз деген сөз - кырылгыс, түгөнгүс, анан Кыргыз деп аталып калган», - деп.

Эмне үчүн мен муну айтып жатам, себеби, биз, кыргыздар өзүбүз Кыргыз деген сөздү туура чечмелегенди, башкаларга түшүндүрүп берүүнү үйрөнүп, билип алышыбыз керек. Ар бир Кыргыз мына ушуну сөзсүз билишибиз керек, бул биздин тарых жана келечек! Ал эми тарыхчыларыбыз да туура түшүндүрүп берет деген ойдомун".