Кыргызстандын түштүк аймагында 30-ноябрда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына караганда, жер титирөө 30-ноябрда саат 15:18де катталган жана очогунда күчү 3 баллга жеткен. 

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында 3 балл, Мырза-Арык жана Кара-Суу районунун Правда айылдарында 2,5 баллга (Куршаб айылынан 2 чакырым түндүк батышта, Правда айылынан 5 чакырым чыгышта, Мырза-Арык айылынан 6 чакырым түштүк батышта, Ош шаарынан 37 чакырым түндүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.