Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков КР Судьяларынын кеңешине судьялык кызмат ордунан өз каалоосу боюнча бошотуу тууралуу арыз менен кайрылган. Бирок аны  өлкө башчысы четке какканын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Эске салсак, Судьялар кеңеши Сыдыковдун арызын канааттандырып, аны кызматынан бошотуу чечимин президент Садыр Жапаровго киргизишкен.

Бул сунуш мамлекет башчысы тарабынан канааттандыруусуз калтырылып, материалдар артка кайтарылды.