Бишкек шаарынын тургуну аялдан акча талап кылган деген шек менен кармалды. Ал анын видеосун таратам деп коркуткан. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
26-ноябрь күнү Н.Ш райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал буга чейин соттолгон А. аттуу жаран анын катышуусундагы видеону таратам деп коркутуп, 20 миң сом талап кылып жатканын билдирген.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүүнүн өздүгү такталып, ал 1991-жылы туулган О.А. экени аныкталды жана учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.