Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Сулайманов Кыргызстандагы аутизм белгилери менен төрөлгөн балдарга мамлекет тараптан такыр колдоо жоктугун билдирди.
Ал курамына Эмгек министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Акыйкатчы институтунун жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кирген комиссия түзүүнү жана улуттук программа кабыл алууну сунуштады.
"Башка өлкөлөрдүн бул жааттагы тажрыйбасын карап чыгып, улуттук программа кабыл алышыбыз керек. Анткени, аутизм белгилери менен төрөлгөн балдардын көпчүлүгүнүн үй-бүлөсү аларга билим берүү, психологиялык жана моралдык колдоо көрсөтүүдө кыйынчылыкка туш болушат. Көп үй-бүлөлөрдүн жетиштүү тейлөөлөрдү алууга мүмкүнчүлүгү жок. Мындан улам аутист балдар төрт дубалдын ортосунда камалып отурушат. Атайылаштырылган мектептер жок, адистер жетишпейт, мамлекеттик колдоо жок", - деди депутат.