27-ноябрда Бишкектеги №2 төрөтканада үч эм - үч кыз төрөлдү. Бул тууралуу аталган төрөткана маалымат таратты. 

Анда айтылгандай, үч эм 33-34-жумасында жарык дүйнөгө келген. Кыздардын салмагы - 2 кг 140 гр, 1 кг 940 гр жана 1 кг 545 гр.

Эненин жашы 26да, бул анын төртүнчү төрөтү, буга чейин 3 балалуу болгон. 

Дарыгерлердин айтымында, эне менен ымыркайлардын акыбалы туруктуу.