Депутат Сеидбек Атамбаев Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектин чыгыш тарабындагы шар аккан өзөнгө тосмо орнотууну Бишкек мэриясынан суранды. 

Ал Алтын-Ордо конушунанжана Полицейский шаарчасынан тургундар кайрылганын белгиледи. Айтымынла, Гүлнара Дүйшембиева аттуу жаран кайрылып, шар аккан өзөндүн жанына тосмо орнотууну суранган, ушул жылдын 18-июлунда ал аялдын 11 жаштагы баласы ошол жакка барып, балдар менен ойноп жатып сууга кулап кеткен. Бала сууда сүзгөндү билчү эмес. Агым аны ылдый алып кеткен. Шайы кетип, өтүп бараткандардан жардам сураган, карманарга эч нерсе жок болгон. Кийинчерээк баланын сөөгү Осмонкул көчөсүндөгү БЧКда табылган. 

"Тосмо жок, кармай турган эч нерсе жок, бул өзөндө көп адам каза тапты. Баланын өлүмүнөн кийин ошол эле жерге дагы 15 жаштагы өспүрүм да агып кеткен. Андан соң ага менен карындаш көз жумду. Ошондуктан тосмо орнотуу зарыл", - деди аиамбаев.