27-ноябрда Токмок шаардык ооруканасына Искра айылынын 12 жаштан 16 жашка чейинки 12 мектеп окуучусу тамакка ууланган деген диагноз менен кайрылышкан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кайрылган бардык балдарга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Учурда алардын абалы туруктуу.

Бул факты катталып, иликтөө иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 27-ноябрда саат 11:00дөр чамасында 7-класстын окуучусу А.А. Искра айылында жайгашкан таштанды таштоочу жайдан "BEN 10" фирмасынын таттууларын жана суусундук таап, аларды мектепке алып келип, классташтарына да берген. Мындан улам окуучулар ууланган.

Таттуулар жана суусундук алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Текшерүү иштери улантылууда. Бул фактыны жана материалды кароонун жүрүшүн Чүй облустук милициясынын жетекчилиги көзөмөлгө алган.