"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 7-кичирайондо 48/2 үйдөн 49/6 үйгө чейин асфальтбетон аралашмасын төшөөнү улантууда. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Учурда жолдун жүрүүчү бөлүгүнө ысык асфальт төшөө иштери уланууда.

Буга чейин эски асфальтты сыйруу жана демонтаждоо иштери аяктап, ирригация системасы орнотулган.

Эскерте кетсек, 2024-жылга карата шаардык жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге ылайык иштер башталган.