Депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында Соцфонд иш сапарына бир жылда 20 миллион сомду кайсы жактарга чыгуу менен коротооруна кызыкты.
Ал 2025-жылы иш сапарлар чыгымына канча каражат коротулганын сурады эле, Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алия "20 миллион сом", - деп жооп берди. Айтымында, адатта бул сумма толугу менен коротулбайт, анткени чыгым кыскартылып турат.
"20 миллион сом бул чоң сумма. Негизи, кайсы жактарга иш сапарга чыгасыңар?" - деди депутат.
Алиев белгилегендей, республика боюнча 53 райондук жана шаардык башкармалыктар бар. Райондук башкармалыктардын кызматкерлери өлкө боюнча иш сапарларына чыгышат. Акча ушул максатта колдонулат.