Депутат Таалайбек Сарыбашевдин Жогорку Кеңештин жыйынында айтканына караганда, Соцфонд башка маселеге бөлүнгөн каражатты кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө жумшап таштаган.
"2022-жылы фондду өнүктүрүүгө 49 миллион сом каралган, а 2023-жылы 56 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми 2024-жылы 322 миллион сомду иштетип жатышат. Айырмасы 266 миллион сом. Кайсы жакка кетип жатат?" - деген депутат Башкы прокуратурадан Соцфонддун ишмердүүлүгүн текшерүүгө алышын суранды, анткени айтымында, бул акчалар менен кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүшкөн.
Соцфонддун башчысы Бактияр Алиев аталган каражат кызматкерлерин маянасын жогорулатууга жумшалганын моюнуна алды.
"Өнүгүүгө каралган акчаны айлык акыга коротуу канчалык мыйзамдуу?" - деди депутат.